www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Владимир Путин СССРдин жалгыз президенти Михаил Горбачевдун табытына гүл койду. Бул тууралуу Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков биллдирди.

«Владимир Путин маркумдун Борбордук клиникалык ооруканадагы табытына бүгүн, 1-сентябрда гүл койду.

Ошондой эле, президент тыгыз иш графигине байланыштуу 3-сентябрда өтчү акыркы сапарга узатуу зыйнатына катыша албайт», - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Михаил Горбачёв 30-августта 91 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумду. Анын каза болгонуна байланыштуу дүйнөнүн бир катар лидерлери көрөгөчтүгүн белгилеп билдирүү кылышты.

Горбачёв 1931-жылы 2-мартта Ставрополь крайынын Привольное айылында жарык дүйнөгө келген. 1955-жылы Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган, ал эми 1967-жылы Ставрополь айыл чарба институтун бүтүргөн. Университетти аяктаган соң Ставрополь аймактык прокуратурасына бөлүштүрүлүп, андан кийин партиялык иштер менен алек болгон.

1985-жылы ССКП БКнын кезексиз жыйынында Горбачёв генералдык катчы болуп шайланат, ал эми 1988-жылдын 1-октябрынан тарта СССРдин Жогорку Советинин Президиум төрагасы кызматын кошо аркалап, өлкөнүн да, партиянын да башкы жетекчилигин колуна алган. Ошол мезгилде Горбачёв реформалардын программасын жарыялап, кийин ал кайра куруу деген аталышка ээ болот.

1990-жылы СССРдин эл депутаттарынын кезексиз III жыйынында Горбачёв Советтер Союзунун биринчи жана акыркы президенти болуп шайланып, андан соң СССРдин курамындагы 15 республика өз алдынча, көз карандысыз мамлекет болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости