www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президентке Сүйүн Өмүрзаков менен Улук Өмүрзак тууралуу арызданган жарандын өкүл баласына ок атылып, анын абалы оор. Бул тууралуу Венера Касымова аттуу Facebook колдонуучусу айтып чыкты.

Анын айтымында, жабырлануучуга укук коргоо органдары тарабынан күч көрсөтүлүп жатат.

«Мен сиздерге чукул кайрылуу жасоого мажбур болуп жатам. Учурда Ош облусунда жүрөм. Эсиңиздерде болсо Садыр Жапаров эл менен жолуккан учурда Канназар аттуу жаран Сүйүн Өмүрзаков менен Улук Өмүрзак тууралуу арызданган болчу. Эми азыр болсо ошол президентке даттанган жарандын өкүл баласына белгисиз бирөөлөр тарабынан ок атылып, ал ок учул учурга чейин алына элек. Окуя январь айында болгон.

Ал эми бул боюнча күч органдары жарадар болгон Канназардын өкүл баласын күнөөөлөп, өзүн-өзү атты деген байламга келип, аны мойнуңа аласың деп күч көрсөтүп жатыптыр. Жабырлануучу камерага сүйлөгөндөн чочулап калган», - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости