www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балыкчы шаарынын Сары-Камыш айылынын тургуну, медайым Жеңишкүл Эсенаманова жумушка велосипед менен барат. Бул тууралуу видео-тасманы айыл тургундарынын бири Фейсбук социалдык тармагына жарыялады.

Видео-тасмага көз чаптырсак, медайым атайын коргонуучу кийим кийип алып, велосипед менен жумушка бара жатканын көрүүгө болот.

“Бизде ушундай велосипед менен жумушка баратабыз, акча жок. Сары-Камыштан Балыкчыга баратабыз. Эмне кылабыз эми? Унаа жок деп да жумушка барбай койгон болбойт да. Дагы жакшы ушул велосипед бар. Эки күндө бир турам”,-дейт мед айым.

Медайым Жеңишкүл Эсенаманова Балыкчы шаарындагы блок постто кызмат кылып жатат.

Аталган видео боюнча Балыкчы шаарынын мэриясы Фейсбуктагы баракчасынан билдирүү жазып чыкты.

“Урматтуу соц.тармак колдонуучулары! Бүгүнкү күндө " Сары- Камыш айылынан Балыкчы шаарына чейин велосипед менен күндө жумушка барам"- деп коргоочу костюм кийген, медициналык кызматкер Женишкүл аттуу айымдын видеосу таратылган. Аныкталгандай, Балыкчы шаарынын аймактык ооруканасында Сары-Камыш айылынан жана башка жакынкы айылдардан келип иштеген мед. кызматкерлер эмгек өргүүгө чыгарылып, карантин учурунда үйлөрүндө болуп жатышат.  Үй-бүлөлүк дарыгерлер медициналык борборунда, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда аталган айылдан келип иштеген кызматкерлер жок. Бул видеодо көрсөтүлгөн Женишкүл аттуу айым, Сары-Камыш айылынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштеп, азыркы учурда Ысык-Көл районунун карантиндик постунда күзөт өтөгөнү аныкталды. Сары-Камыш айылынын ҮДТсү Ысык-Көл районуна караштуу.
 

Эске салсак, Балыкчы шаарынын мед.кызматкерлери үчүн карантин учурунда мэрия тарабынан такси кызматтары менен келишим түзүлүп, алардын кызматка барып келүүсүнө толук шарт түзүлгөн.
Тынбай эмгектенип жаткан медициналык кызмкерлерибизге терең ыраазычылык билдиребиз!!!”,-деп жооп берген.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости