www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Баткен облусундагы Төрт-Гүл суу сактагычындагы каналдын Тажикстанга өтүп кетиши боюнча маселени тез арада кароого чакырды.
Белгилей кетсек, кечээ премьер-министр Улукбек Марипов парламентте өкмөттүн курамы каралып жатканда каналдын башы өтүп кеткенин айткан.
"Төрт-Гүл суу сактагычына келген каналдын башын дагы, тилекке каршы, алдырыптырбыз. Мен бул боюнча дагы тактадым. Бул жерде стратегиялык маселелер бар", — деп айтан Марипов.
Эл өкүлү бул жагдай боюнча тиешелүү комитеттерге тапшырма берип, Тышкы иштер министрлигинин расмий маалыматын угууну сунуштады.
"Кечээ премьер-министр Улукбек Асамидинович Баткен облусундагы Төрт-Гүл суу сактагычы тууралуу кызык жагдайды айтып алды. Эгер анын сөзүнө ишене турган болсок иш чатак жагына айланат. Маселе оор жагдайда карала турган болсо, анда тез арада депутаттык комиссия түзүшүбүз керек", — деди Икрамов.
Ошондой эле жакында жазгы талаа иштери башталарын белгилеп, маселени эртерээк күн тартибине киргизип кароо керектигин айтты.
Төрт-Гүл суу сактагычы Тажикстан менен чектешет.
Булак: NazarNews.kg