www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 27-ноябрда Кемин шаарында жаңы төрөт үйүнүн имаратына мезгил кутусун салуу иш-чарасында Кыргызстанда коррупция жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш жөнүндө сүйлөп, бул жаатта Чүй облусунда акарылган иштер тууралуу маалымат берди. 

Ташиев 2023-жылы УКМКнын атайын операциясында жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевге (Камчыбек Асанбек) тиешелүү 30 млн долларга бааланган 850 батир мамлекетке кайтарылып, элге ипотекага берилип жатканын айтты. Чүй облусунда убагында ар кандай жол менен жеке колго өтүп кеткен 100дөн ашык объект, 2025-жылы эле 12 миң гектардан ашык жер мамлекетке алынганын кошумчалады.

“Аю Холдингинин ээси Абдыкеримовдун Аламүдүн районунда жайгашкан 300 гектар жери жана 100 млрд сомду түзгөн мүлктөрү мамлекетке кайтарылды. Бул акыркы жылдары биздин жасаган иштер. Мен Чүй облусу боюнча гана айттым. Эгерде мамлекетте жалпы аткарылган ишти айтсам ондогон эсе көбөйөт. Башка жерлерде мындан да көп талап-тоноолор болгон”, — деди Камчыбек Ташиев.

Последние новости