www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 19-март күнү (www.nazarnews.kg/news) интернет порталында Апрель окуясынын баатыры, "Айкөл Ала-Тоо Жаштар" коомдук бирикмесинин мүчөсү Максат Чегирткеевдин интервьюсу жарыяланган.

Ал, 2010-жылдын 6-7–апрелинде каза тапкандардын жана жабыркагандардын үй-бүлөсүн социалдык жактан коргоо боюнча Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Фарид Ниязов кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганын айткан. Максат Чегирткеев “NazarNews.kg” маалыматтык агенттигине интервью бергенден кийин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына кайрылган.

Жазылган арыздын негизинде Фарид Ниязовго укук коргоо түзүмү жаран Максат Чегирткеевдин арызы калыс иликтене тургандыгын коомчулукка маалымдаган.

Арадан көп өтпөй КСДПчы Фарид Ниязов ИИМге ачык кат жазып, бул көрүнүштү саясий буйрутма деп билдирген.

Ага жооп катары ИИМ Фарид Ниязовго карата ИИМ тарабынан саясий куугунтук тууралуу сөз да болушу мүмкүн эместигин расмий билдирген.

Маскат Чегирткеевке саясый буюртма болгонбу? - деген суроо менен кайра кайра кепке тарттык.

--Мага саясый буюртма болгон эмес. Чын эле 7-апрелден кийин оор ахыбалда болдум, - деди Максат Чегирткеев.

Төмөнкү тасмада толугу менен:

Булак: NazarNews.kg

Последние новости