www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-казак чек арасындагы үч өткөрүү пунктунда коңшу өлкөгө багыт алган 207 фура кезек күтүп турат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 14.00гө алынган маалымат боюнча, "Ак-Тилек" бекетинде 145, "Кең-Булуңда" 33, "Чалдоварда" 29 жүк ташыган унаа бар.

"Кыргызстан тараптан жүк ташуучулар үчүн эч кандай чектөө жок. Чек арачылар тыюу салынган жүктөрдүн бар-жогун текшерип, машиналарды эч тоскоолдуксуз өткөрүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Азыркы тапта кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу деп бааланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости