www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстанда өткөн жылы жол кырсыгынан 1962 киши каза болгон. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу Жол коопсуздук башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2020-жылы өлкөдө 7 миңге жакын жол кырсыгы катталып, 1962 киши көз жумган.
«2019-жылы өлкөдө 8092 жол кырсыгы катталып, 2094 киши каза болгон. 2020-жылы кырсыктар 13,7%, адам өлүмү 6,3% азайган», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Бүгүнкү күндө Өзбекстанда коронавирустан көз жумгандардын саны жол кырсыгынан өлгөндөргө караганда үч эсе аз. Расмий маалыматтар боюнча, өлкөдө COVID-19дан кеминде 621 киши каза болуп, вирус жуктургандар 79 654 кишиге жетти.
Булак: NazarNews.kg