ВИДЕО- Башында суусу бар 8 айлык баланын атасы "мага бала эмес, мал керек" деп дарылатуудан баш тарткан
Коом  |   |  8422

"Атасы колунда мүмкүнчүлүгү бар туруп ооруп жаткан баласына жардам бербей койгон", - бул окуя тууралуу башында суусу бар 8 айлык наристенин апасы активист Чолпон Султангазиевага билдирген. 

Келиндин айтымында, жолдошуна баланын абалы начарлап кете электе дарылаталы деген сунушун киргизген. Бирок атасы "мага бала керек эмес, үйдөгү малдар керек", - деп көнбөй койгон. Ошол окуядан кийин келин Бишкекке келип, айына 3 миң сомго батир жалдаган. Батирдин ижара акысын төлөөгө жана балага дары-дармек, азык-түлүк алуу үчүн баланын апасы Киев - Жусуп Абдрахманов (Совет) көчөлөрүнүн кесилишинде кайыр сураганга мажбур болгон. Айыл өкмөткө жардам сураганы менен каттоосу бул жакта эместигине байланыштуу жардам беришкен эмес. 

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями