www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Анкарада алп Манастын эстелиги ачылды

Кечээ, 31-августта, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына Түркиянын баш калаасы Анкара шаарында Айкөл Манастын эстелиги ачылды.

Монумент борбор калаанын Кечиөрен районунун башкы аянтынан орун алды.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, жергиликтүү администрация башчылары, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн 30дан ашуун элчилер, элчиликтердин өкүлдөрү жана Түркиядагы мекендештер катышты.

Айкелди орнотуу демилгесин элчи Кубанычбек Өмүралиев көтөрүп, жалпы эл колдогон. Аны Кыргызстандын скульпторлору жасашкан.

Айкел жез темирден жасалып, бийиктиги алты метрди түзөт. Ал эми астындагы негизди кошкондо 10 метрден ашат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости