www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Садыр Жапаров Станислав Засты кабыл алды

Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Станислав Засты кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар уюм алкагында өз ара аракеттенүүнүн, регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоонун актуалдуу маселелерин ошондой эле, Дүйшөмбү шаарында өтө турган ЖККУ саммитин талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан ЖККУ алкагында ага мүчө мамлекеттер менен кызматташтыкка чөлкөмдөгү коопсуздуктун гаранты катары өзгөчө маани берерин белгиледи.

Анын айтымында, Уюм жоопкерчилигинин аймагындагы коркунуч деңгээлинин өсүшү тыгыз өз ара аракеттенүүнү талап кылат. Тобокелдиктерди нейтралдаштырууга жана зарыл болгон учурда ыкчам реакция кылуу даярдыгынын жогорку деңгээлин кармап туруу зарыл.

Өз кезегинде, Станислав Зась Садыр Жапаров менен жолугушууну канааттануу менен белгилеп, анын Борбордук Азия регионундагы кырдаалга байланыштуу зарылдыгын билдирди.

Мындан сырткары, Башкы катчы учурдан пайдаланып, президентти Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктап, ийгилик, өлкө элине гүлдөп өнүгүү каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости