www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-сентябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Катар мамлекетинин Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Али Жабер Аль-Гуфран Аль-Марри менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Катардын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү жана парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Марлен Маматалиев 1998-жылы дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери эки өлкөнүн өнөктөштүгү жигердүү өнүгүп келе жатканын белгиледи.

Төрага парламенттер аралык алакаларды кеңейтүүгө кызыкдар экенин айтып, депутаттык достук топторунун ишин күчөтүү жана эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу маанилүү экенин белгиледи.

Ошондой эле ал Катар Мажлис Аш-Шурасынын Төрагасы Хасан бин Абдулла Аль-Ганимге салам жолдоп, аны Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Өз кезегинде элчи Али Жабер Аль-Гуфран Аль-Марри Кыргызстан Катар үчүн чөлкөмдөгү маанилүү өнөктөштөрдүн бири экенин белгилеп, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү боюнча айтылган сунуштарды колдоорун билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода байланыштарын өнүктүрүү жана гуманитардык багыттагы долбоорлорду улантуу боюнча да пикир алышты.

Последние новости