www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2013-жылы туулган жашы жете элек кыз өгөй атасы тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылганы боюнча кылмыш иши сотто каралган. Соттун өкүмү менен 2026-жылдын 1-январында айыпталуучу Т. Куланбаев күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркинен ажыратылган.

Жабырлануучунун апасы Азия Алымбаева NazarNews редакциясына кайрылып, айрым жактар окуянын жагдайларын бурмалап, соттолгон адамды актоо аракеттерин көрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, айрым депутаттар соттолгон адамды колдогон билдирүүлөрдү жасашкан. Ошондой эле депутаттардын бири жашы жете элек жабырлануучу кыз тууралуу анын кадыр-баркына доо кетириши мүмкүн болгон билдирүүлөрдү айтканын белгилеп, адилетсиз деп баалады.

Ушуга байланыштуу Азия Алымбаева Президент Садыр Жапаровдон бул ишти жеке көзөмөлүнө алып, мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кылууну өтүндү.

Бул боюнча кеңири маалыматты төмөнкү видеоматериалдан көрө аласыздар.

Последние новости