www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
6-сентябрда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыктарына арналган жыйынтыктоочу пресс-конференция өттү. Анда оюндардын спорттук жана маданий программалары, эл аралык катышуу, коопсуздук жана маалыматтык чагылдыруу боюнча жыйынтыктар айтылды.
Пресс-конференцияга тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын башкы режиссёру Алтынбек Максутов катышты.
Маалыматка караганда, оюндардын маданий программасынын алкагында өлкө боюнча 600дөн ашуун иш-чара уюштурулду. Алардын арасында эл аралык фестивалдар, концерттер, театрлаштырылган көрсөтүүлөр, көргөзмөлөр, мастер-класстар, айтыштар жана этномаданий долбоорлор бар.
Кырчын жайлоосунда «Көчмөндөр ааламы» этномаданий шаарчасы уюштурулуп, анда өлкөнүн бардык аймактарынын маданияты, улуттук кол өнөрчүлүгү, ашканасы жана салттуу өнөрү көрсөтүлдү.
«Рух Ордо» маданий комплексинде өткөн «Көчмөндөр санаты» эл аралык фестивалына 38 мамлекеттен өнөрпоздор катышты. Ошондой эле NOMAD FEST, «Көчмөндөр жаңырыгы», Art Lab жана башка маданий долбоорлор өткөрүлдү.
Оюндарга жана маданий иш-чараларга эл аралык деңгээлдеги маданият, кино жана спорт өкүлдөрү, анын ичинде Лео Рохас, AY YOLA тобу, Валентина Шевченко, Дмитрий Бивол, Бай Лин жана башка белгилүү коноктор катышты.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн 2 миңге жакын жергиликтүү журналист аккредитациядан өтүп, Кыргызстанга 250гө жакын чет элдик журналист келди.
Пресс-конференцияда көк бөрү жана көк пар боюнча финалдык оюндарга билет алган, бирок коопсуздук чараларына жана көрүүчүлөрдүн көптүгүнө байланыштуу оюндарга кире албаган же өз ордуна отура албаган көрүүчүлөргө билеттин 1000 сом өлчөмүндөгү толук наркы кайтарылары айтылды.
Каражатты кайтарып алуу үчүн билеттин төлөнгөндүгүн тастыктаган чек же квитанцияны [email protected] дарегине жөнөтүү зарыл. Кайрылуулар Улуттук электрондук билет системасындагы маалыматтар менен текшерилгенден кийин акча кайтарылат.
Уюштуруучулардын белгилешинче, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары спорт менен маданиятты айкалыштырган ири эл аралык иш-чара болуп, Кыргызстандын маданий мурасын жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө таанытууга өбөлгө түздү.