www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
7-сентябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында күн жылуу болот. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.
Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде, ошондой эле өлкөнүн башка облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда: түнкүсүн 10…15°C, күндүз 27…32°C;
Талас облусунда: түнкүсүн 7…12°C, күндүз 25…30°C;
Ош облусунда: түнкүсүн 13…18°C, күндүз 29…34°C;
Жалал-Абад облусунда: түнкүсүн 13…18°C, күндүз 29…34°C;
Баткен облусунда: түнкүсүн 13…18°C, күндүз 29…34°C;
Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн 7…12°C, күндүз 20…25°C;
Нарын облусунда: түнкүсүн 3…8°C, күндүз 22…27°C;
Бишкекте: түнкүсүн 13…15°C, күндүз 28…30°C.