www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Дүйнө сулуусу — 2026» наамын Доминикан Республикасынын өкүлү жеңди.

Финал Вьетнамдын Нячанг курорттук шаарында өтүп, ага улуттук сулуулар сынактарынын 111 жеңүүчүсү катышты. Салтанаттуу азем борбордук пляждын жанында ачык асман алдында уюштурулган, 20 миңден ашуун көрүүчүгө ылайыкталган аянтчада өттү.

Башкы байгени 24 жаштагы Джохейри Мола жеңип алды. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, ал модель жана журналист катары карьера куруп жатат. Мындан тышкары, адабият жана коомдук илимдер боюнча мугалим болуп иштейт.

Уюштуруучулар белгилегендей, Доминикан Республикасы «Дүйнө сулуусу» наамын акыркы жолу 44 жыл мурун жеңген. 1982-жылы жеңүүчүнүн таажысын Мариасела Альварес алган.

Сынактын биринчи вице-мисси наамын Испаниянын өкүлү Элизабет Рейнес, ал эми экинчи вице-мисси наамын Малайзиядан Таанусия Четти алды.

Последние новости