www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венесуэладагы күчү 7,2 жана 7,5 баллга жеткен эки жолку жер титирөөнүн кесепетинен 32 адам каза болуп, 700дөн ашыгы жабыркады. Бул тууралуу Венесуэланын убактылуу президенти Делси Родригес билдиргенин «AFP» агенттиги кабарлады.

«Бизде 32 адам каза болгону тууралуу маалымат бар, буга Ла-Гуайра бере турган көрсөткүчтөр кирбей элек. Ошондой эле мамлекеттик ооруканалардын жана жеке медициналык борборлордун тез жардам бөлүмдөрүнө 700дөн ашык жабыркаган адам кайрылды», — деди саясатчы VTV телеканалы аркылуу элге жасаган кайрылуусунда.

Ал Ла-Гуайра аймагы эң көп жабыр тартканын белгиледи. Ал жерде ондогон имараттар урап калган.

«Учурда мүмкүн болушунча көп өмүрдү сактап калуу үчүн абдан чыңалуу менен иш алып баруудабыз», — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Эске салсак, жер титирөө өткөн түнү Венесуэланын жээктеринде болгон. АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматы боюнча, күчү 7,2 жана 7,5 баллга жеткен жер силкинүүсү катталган. Очогу Морон шаарынан (Карабобо штаты) 16 чакырым жана Сан-Фелипе шаарынан (Яракуй штаты) 24 чакырым алыстыкта болгон. Цунами коркунучу да жарыяланган.

АКШнын Геологиялык кызматы каза болгондордун саны 100 миңден ашып кетиши мүмкүн деп болжолдоодо.

Последние новости