www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу жасалма интеллект залкарлардын ырларын бузуп ырдап жатканын айтты.
"Канчалаган кыргызча ырлар жасалма интеллектин жардамы менен ырдалып, сөздөрүбүз бузулуп жатат. Бул боюнча автордук укуктун сакталуу маселеси кадай болот? Аларды ким коргойт? Балдарыбыз ошол ЖИнин жардамы менен ырдалган ырларды угуп чоңоюп жатышат", - деп депутат Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевге кайрылды.
Министрдин айтымында, Жогорку билим, илим, инновациялар министрлиги автордук укук боюнча иш алып барат.
"Биз аталган министрлик менен биргеликте автордук укукту коргоо боюнча иш алып бара баштадык. Чыгармачыл адамдар менен да бул маселе боюнча байланышып, бөгөт коюу иштерин алып барып жататбыз", - деди министр.