www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, 29-октябрь Республика майрамынын 96-жылдыгынын урматына өз билдирүүсүн жарыялады.

Билдирүүсүндө Эрдоган улут жана мамлекет катары тарыхый күрөштүн ичинде экенибизди белгилеп: «Боштондук согушубуздун окшошун башкача ыкмалар менен жүргүзүүдөбүз», -деди.

Аны менен катар ал бир кылымдык шаңдуу өтмүшкө ээ боштондук согуштун жеңишке жетишүүсүндө жана жаңы мамлекеттин түзүлүүсүндө милдет алган Гази Мустафа Кемал Ататүрк баш болгон баатырларды урматтоо менен эскерди.

Улут жана мамлекет катары өздөрүн жана келечегин коргоо максаты менен акыркы жылдарда ошондой эле тарыхый күрөштү жүргүзгөнүн айткан Эрдоган: «Мындан бир кылым мурда баштаган жана жаңы мамлекетибиз - Республикабызды куруп зоболосун бийиктеткен Боштондук согушубуздун окшошун, башкача көрүнүштөр жана ыкмалар менен жүргүзүүдөбүз. Улуттук биримдик жана ынтымагыбызды бузууга карай ар түрдүү оюн,  ар түрдүү мыкаачылыктар кылынууда. Сырларыбыздын купуялуулугунан экономикабызга чейин эгемендүүлүгүбүздү бутага алган көп багыттуу кол салуулар үзгүлтүксүз болуп жатат», -деди.

Түркиянын байыркы тарыхый бирикмеси, түптүү мамлекет тажрыйбасы жана бир кылымга жакындаган республика түзүлүмү менен бардык маселелерди ашып өтө турган күчкө, мүмкүнчүлүккө, чечкиндүүлүккө ээ болгонун баса белгилеген президент: «Ичинен өткөн бул маанилүү процессти да Республикабызды бизге мурас катары калтыргандардын көз карашына ылайыктуу түрдө ийгиликтүү натыйжа чыгар турганыбызга чын жүрөктөн ишенемин. Республикабызды кыйла жылдар бою абдан күчтүү, дагы өнүккөн түрдө алпара алабыз», -деп айтты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости