www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик администрация уюшкан кылмыштуулукка карата жазаны күчөтүү каралган мыйзам долбоорду сунуштады. Документ коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоордун максаты – уюшкан кылмыштуулукту жоюу, анын идеологиясын жана финансылык-материалдык негиздерин натыйжалуу жоюу.

Мыйзам долбоорго ылайык, Кылмыш-жаза кодексине төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:

222 (Кылмыштуу кирешелерди адалдоо), 261 (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу), 262-беренелеринде (Кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу) каралган кылмыштар жасалган учурда эскирүү мөөнөтүн колдонбоо.

уюшкан кылмыштуу топтун же кылмыштуу уюмдун же трансулуттук уюшкан топтун курамында же трансулуттук уюшкан кылмыштуу бирикменин курамында кылмыш жасалган учурда жазаны күчөтүү.

Кылмыш-жаза кодексинде мурда болбогон түшүнүктөр киргизилүүдө:

уюшкан кылмыштуу топ – бир же бир нече кылмыш жасоо үчүн алдын ала бириккен адамдардын туруктуу тобу;

кылмыштуу коомдоштук (кылмыштуу уюм) – кылмыш ишин координациялоо, колдоо жана өнүктүрүү же кылмыш иши жана ага катышкан адамдар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча чараларды биргелешип иштеп чыгуу же ишке ашыруу үчүн кылмыштуу уюмдардын, уюшкан топтордун же башка адамдардын уюштуруучуларынын же жетекчилеринин же башка өкүлдөрүнүн бирикмеси.

Мындан тышкары Кылмыш-жаза кодекси жаңы редакциялар менен толукталууда:

262(1)-берене – Трансулуттук уюшкан топту же трансулуттук кылмыштуу коомдоштукту (бирикмени) уюштуруу, аларды жетектөө же ага катышуу.

262(2)-берене – Криминалдык иерархияда таанылган абалы бар кылмыштуу жосунду жасаган адам тарабынан кылмыштын жасалышы.

262(3)-берене – Криминалдык идеологияны пропагандалоо.

263(1)-берене – кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга же көбөйтүүгө катышуу.

Последние новости