www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогул районунда зордуктоо фактысы менен 3 жаран камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 20-ноябрь күнү Токтогул РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө, Токтогул шаарынын 1984-жылы туулган М.С. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2025-жылдын июнь айынан тартып, 2025-жылдын 20-ноябрга чейинки убакыт аралыкта анын 2011-жылы туулган Р.С. аттуу кызын Б.,Э жана С аттуу балдар күч колдонуп зордуктап жүрүшкөндүгүн билдирип, жогоруда көрсөтүлгөн жарандарга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. 

Аталган маалымат Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо)менен катталып, кылмыш иши козголгон. Ошондой эле кызга карата тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. 

Шектүү катарында, 2025-жылдын 21-ноябрь күнү Токтогул районунун 27 жаштагы Э.К., 19 жаштагы С.К. жана 15 жаштагы Б.Ж. аттуу тургундары кармалып, Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. 

 

Последние новости

Ислам НАТОсу
Ислам НАТОсу
4255
11.08.2026 15:34