www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызыктуу бир өлкөдө жашайбыз. Айдоочулар МАИ кызматкерлерин машиненин капотунда ала качкан, маршруттук унаалар салонун толтуруп алып кубалашмай ойногон, энеден туума болуп алып супермаркеттерди кыдырган, каяктагы бир блогерди кудай туткан, Конституцияны жоготуп жиберген жерди мекендейбиз. Бардыгы бар. Кыскасы ассорти өлкөдө күн кечиребиз.

Дагы бир кызыктуу фактыга көңүлүңөрдү буралы деп турабыз. Бишкек шаарында Ленин атындагы район бар. Ошол райондук сот Чүй менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Анан ошол жерде эмне бар? Уурдалган телефондорду сатып шугулданган соодагерлердин чакан базары бар. Кеч киргенде тимеле жандана түшөт. Аларды аралап баскандан дагы кооптоносуң, кайсыл маалда чөнтөгүңдү аңтарып, телефонуңду чыгарып кетет деп. Соодагер менен кардарлардын учу үзүлбөйт. Болбосо жанында эле адилеттүүлүк, чынчылдыктын символу болгон соттун имараты турат, бакыйып. Ишенбесеңер, духуңар жетсе барып, өз көзүңөр менен күбө болуп көргүлө. Бир көрүп күлкүң келет, бир туруп ыйлагың келет. Мына ушундай бир акылга сыйбас жоруктардын мекенинде жашап келебиз.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости