www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайлык кыргыздардан бул жакка келип жогорку билимге ээ болуп жатышкан жаштарыбыздын жыл сайын көбөйүп бара жаткандыгы кубандырбай койбойт. Мына ошол жаштарыбыздын бири-ырчы,  улуттук консерваторияда музыкалык билимин өркүндөтүп жаткан Жоломан мырза менен өзүнүн чыгармачылыгы менен бирге, коңшу өлкөдө жашап жаткан боордошторубуз тууралуу  маектештик.  

--Жоломан мырза , алгач өзүң тууралуу кыскача айтсаӊ... 

--Учурда 34 жаштамын. Кытай Эл Республикасынын  Кулжа областынын Өртекес  районуна караштуу Шаты автономдуу кыргыз айылында туулуп өскөм. Анан мектепти бүткөндөн кийин облустун борборуна келип педагогикалык институттун музыка факультетине тапшырып, жогорку билимге ээ болгом. Андан кийин эки жыл мектептерде,  музыкалык орто окуу жайларында мугалим болуп иштеп жүрдүм.

--Башка ырчыларга караганда тагдырың бир аз башкачараак экен. Эмесе бул жакка кантип келип калдың эле? 

 --Кыргызстанга 2013-жылы атамдар менен чогу биринчи жолу келдим. Бул жакка келгенге чейин интернеттен “Сармерден” көрсөтүүсүнөн башка дагы көптөгөн концерттерди көргөнүмдө мага абдан жакчу эле. Бул жакта консерваторияда досторум окучу. Кыргызстандан билимимди дагы өркүндөтүш үчүн дипломдорумду ала келип, консерваторияга окууга тапшыргам. Ошондо менден сынак алышкан М.Бегалиев, К.Турапов агайлар ырдатып көрүп үнүндү жактырышты. Быйыл консерваториянын үндү калыптандыруу (вокал) бөлүмүнүн 4-курсун аяктадым. Темирбек Каримов деген агайым бар. Эки жылдан бери белгилүү дирижёр Б.Тилегенов жетектеген Бишкек мэриясынын алдында түзүлгөн эл аспаптар оркестринде солист болуп иштеп жатам. Кыргызстанга келгениме 4 эле жыл болсо да чыгармачылык жактан өзүмдө өсүүлөр болуп жатканын байкадым. Бул жактан көптөгөн залкар таланттарды көрдүм. Филармониядагы концерттерге катышкандан тышкары, Ош жергесинде да гастролдордо болдум. Буюрса эл менен аралашып чыгармачылыкта бир топ эле тажрыйба топтоп жатам. 

--Талант деген көрүнгөн эле адамга берилбейт да. Балким сенин ата-тегиңде, тууган-уругуңда бар болсо керек?

--Сиз туура эле баамдаптырсыз. Өзүмдүн ата-тегимден чоң атамдын Тыныбек деген чоң атасы жамакчы акын болуптур. Анан өзүмдүн атам дагы үнү жакшы ырчы катары чоң сахнада ырдабаса дагы элдин арасында ырдап калчу экен. Улуу байкем дагы аккордеон менен ырдачу. Бирок азыркы кезде ал башка тармакта эмгектенип жатат.

Негизи эле мектепте, институтта окуп жүргөн кезимде эле көптөгөн конкурстарга катышып алдыңкы орундарга ээ болчу элем. 2014-жылы бул жактан залкар композитор Ж.Шералиевдин 100 жылдык мааракесинин алкагында уюштурулуп, автордун чыгармаларын аткаргандардын арасында өткөн конкурска катышып, бул инсандын “Карап бир койчу жылмайып” аттуу ырын аткарып,  экинчи орунга ээ болгом. Бул конкурстан кийин Жумамүдүн атабыз атындагы фонддун директору Жумакадыр байке менен кызматташып, Баткен жергесинде бир топ маданий иш-чараларды өткөргөнгө катышып калдым. 

--Демек, учурда аткаруучулук менен чектелип жаткан турбайсыңбы. Балким келечекте чыгармачылыгыңды мындан да катуу өркүндөтүп обон чыгарып калгың бардыр... 

--Учурда онго жакын обондуу ырларым бар. Кээ биринин сөздөрүн өзүм жазсам, айрымдарын Кытайдагы акын эжелериме жаздыргам. Эми бул обондорум азырынча өзүмдүн купулума көп толбогондуктан досторумдун арасында эле аткарып калсам, алар “жакшы обондоруң бар экен” деп айтып калышат. Буюрса обондорумду сөздөрүн, кайрыктарын кайрадан жакшылап иштеп чыккандан кийин гана элге тартууласамбы деп аракет кылып жүрөм. Баардыгын нотага түшүрүп койгом. Эми бизде классикалык музыкага басым жасалгандыктан аны менен алек болуп убактым бир топ тартыш болуп жатат.  

--Силер эми жеңил-желпи шоудан бийик турат эмессиңерби. Бирок ошондой болсо да бизде маданият тармагында таланттуулар абдан көп. Ошону менен бирге  бут тосмой сыяктуу жаман адаттар көп кездешет.  Андыктан алардын арасынан суурулуп чыгуу маселеси тууралуу ойлонуп жатасыңбы. Дегеле мындай жат көрүнүштү Кытайда жүргөн учуруң менен салыштырып бир нерсени байкап көрдүңбү?  

--Сиз айткандай байкап көрдүм. Эми кайсы жер болсо да талантуу адамдардын арасында атаандаштык болот эмеспи. Атаандаштык болгону жакшы дечи. А бирок баары бир талантты эл баалайт экен да. Ошон үчүн чыгармачылыкта тынымсыз эмгектенип келе жаткандыктан кайсы жерге барсам да элдин алкышына ээ болуп келе жатам. Буюрса бул жактан окуумду ийгиликтүү аяктагандан кийин дагы чет мамлекеттерден билимимди өркүндөтсөм деген максатым бар. 

--Кытайдагы кыргыздардын турмушу тууралуу да кыскача маалымат бере кетсең?

--Өзүңүздөр деле жакшы билесиздер. Кытай мамлекети учурда экномикасы алдыга чыккан дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттердин бири болуп эсептелет.  Бул өлкөдө кытайлыктардын өзүн кошо эсептегенде 56 улут жашайт. Ошолордун арасында кыргыздардын деле жашоосу жакшы деп айтсам болот. Себеби бизде мыйзам жакшы иштегендиктен улуттардын укугу бирдей корголот. Ал эми Кызыл-Суу району тоолуу аймакта жайгашкандыктан ал жактагы кыргыздарга Кытай мамлекети колунан келишинче жакшы  жардам берип турат. Кытайда ар бир улут өзүнүн эне тилин, салт-санаасын сактап калса болот деген саясат жүргүзүлөт. Айлык маселеси жакшы чечилген. Мисалы, институтту жаңы бүтүп мектепке ишке кирген мугалим кыргыздын сому менен 30 миңден жогору эмгек акы алышса, эмгек сиңирип көп жыл иштеген мугалимдер 1000 доллар алышат. 

--Кыргыз маданияты ал жакта жакшы эле өнүксө керек... 

--Кытайда элдик таланттар абдан көп. Бирок башка өлкөлөрдөн жогорку музыкалык билимдерге ээ болуп келишкен адистер аз санда болуп жатат. Эми билим маселеси тууралуу айта турган болсом, мындан 10 жыл мурда жаштар мектептен 11-классты бүтүп алсам эле болду деген көз карашта болчу. Учурда болсо жогорку билим алууга абдан умтулуп жатышат. Кадр маселеси да жакшы чечилип кыргыздар дагы мамлекеттик түрдүү кызматтарда эмгектене башташты. Айтор, кытай кыргыздары тууралуу  айта берсек көп эле сөз болот...

Нурлан  ИСАМАТОВ  

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости