www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-июнда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, экс-башкы прокурор Курманкул Зулушев, мурдагы парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана башка айыпталуучулар боюнча “75 ишинин” кезектеги сот отуруму өттү.

Тургунбек уулунун жактоочусу айрым депутаттардын билдирүүлөрү сотко басым жасаганын айтып, ишти жабык кароону сунуштады. 

Айыпталуучу Тургунбек уулунун кызыкчылыгын коргогон адвокат сотто мындай деди: «Урматтуу же урматсыз Жогорку Кеңештин депутаттары чыгып сүйлөп, ушуну менен сотко басым көрсөтүштү, ошондуктан процессти жабык режимде өткөрүү керек»,  - деп айтты.

Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Нурланбек Тургунбек уулу жана алардын жактоочулары бул өтүнүчтү колдошту. Сот төрагасы Азирет Медеров процессти жабык режимде өткөрүү чечимин кабыл алды.
Отурум учурунда тартип бузгандыгы үчүн Курсан Асанов залдан чыгарылып, андан соң сот бардык катышуучуларды чыгарып, ишти жабык тартипте кароону улантты.

Эске салсак, «75 иши» боюнча Камчыбек Ташиев жана дагы жети адам бийликти күч менен басып алууга даярдануу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча айыпталууда.

Последние новости