www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

“Урматтуу дене тарбия жана спорт тармагынын кызматкерлери, спортсмендер, машыктыруучулар, ардагерлер жана окутуучулар!

Сиздерди 6-апрель дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бул майрам спортту жашоосунун ажырагыс бөлүгү катары тандап алган, аны кесип катары аркалаган жана жогорку максаттарга умтулган адамдарды бириктирет. Сиздердин күнүмдүк эмгегиңиздер, ишке болгон берилгендигиңиздер жана тарбиялануучуларга болгон ишенимиңиздердин аркасында өлкөбүздө ден-соолугу чың, максатка умтулган жаңы муун өсүп келе жатат.

Кыргызстан эл аралык аренада өлкө намысын татыктуу коргоп, дүйнөлүк ири мелдештерде желегибизди бийик көтөрүп келген спортсмендери менен сыймыктанат. Ар бир ийгиликтин артында машыктыруучулардын, адистердин жана жалпы спорт тармагынын зор эмгеги жатат.

Бүгүнкү күндө алдыбызда маанилүү милдеттер турат — заманбап спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү, массалык спортту колдоо, жаш таланттарды тарбиялоо жана кыргыз спортунун эл аралык деңгээлдеги кадыр-баркын мындан ары бекемдөө. Биргелешкен аракеттерибиз менен мындан да жогорку жетишкендиктерге жетерибизге ишенем.

Айрыкча спорттун ардагерлерине терең ыраазычылык билдирем — сиздер бүгүнкү ийгиликтердин бекем пайдубалын түптөп кеткенсиздер. Ошондой эле жаш муунду тарбиялап жаткан окутуучулар менен машыктыруучулардын эмгеги өзгөчө баалоого татыктуу.

Сиздерге чың ден соолук, бакубатчылык, түгөнгүс күч-кубат жана жаңы ийгиликтерди — спорт ареналарында да, турмушта да — каалайм!”

Урматтоо менен, 
Урмат Асанбаев.

Последние новости