www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Келечектин аймагы. Москва 2030» форум-фестивалы москвалыктарга жана борборго келген конокторго шаардык өнүгүүнүн келечеги жана заманбап технологиялар менен таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.

1-августтан 14-сентябрга чейин «Москвада жай» долбоорунун алкагында фестиваль шаардагы негизги локацияларды камтыйт, анын ичинде "Гостиный Дворду". Ал жерге Кыргызстандан келген ЖМК өкүлдөрү "Узнай Россию" программасынын алкагында көргөзмөгө катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

"Гостиный Двордо" социалдык тармакка арналган интеллектуалдык-выставка мейкини уюштурулган, негизги темасы «Чексиз өнүгүү түбөлүк баалуулуктар менен» деп аталат.

Көргөзмөнүн борборунда чексиздик символу жайгашкан, ал адамдын үзгүлтүксүз өнүгүүсүн чагылдырса, төрт негизги жашоо баалуулугу — сүйүү, ден соолук, билим жана технологиялар — гармониялуу прогресстин маанилүүлүгүн баса белгилейт.

Фестиваль ошондой эле адистерден кызыктуу лекциялар, арт-инсталляциялар, интерактивдүү зоналар жана балдар менен чоңдор үчүн мастер-класстарды камтыйт. Бул атмосфераны чыгармачылык жана билим алмашуу менен камсыз кылып, катышуучуларга технологиялар менен социалдык инициативалардын, мегаполистин жашоо сапатын жакшыртуудагы ролун тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Айсулуу Талантбек кызы, Москва

Последние новости