www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва Украина боюнча маселелерди жөнгө салуу үчүн бардык форматтарга — эки тараптуу да, үч тараптуу да жолугушууларга — каршы эмес. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров «Россия-24» телеканалына берген маегинде билдирди.

«Башкысы — формат кандай болбосун, “бир плюс бир”, “бир плюс эки” же көп тараптуу жолугушуулар (анын ичинде БУУнун алкагында да бар) эртеси күнү гезиттерде чыгып же кечинде телекөрсөтүүдөн көрсөтүлүш үчүн, же социалдык тармактарда “пропагандалык көбүк” алуу үчүн эмес, кадам сайын, акырындык менен, адистер деңгээлинен баштап саммиттерге чейин жеткирүү үчүн колдонулушу зарыл», — деди Лавров. Ал Москва дайыма олуттуу, маңыздуу жолго басым кыларын белгиледи.

Министр ошондой эле мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги жолугушуулар өтө кылдат даярдалышы керектигин эскертти.

18-августта АКШ президенти Дональд Трамп Украина президенти Владимир Зеленскийди, Финляндиянын президенти Александер Стуббду, Франциянын президенти Эммануэль Макронду, Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармерди, Германиянын канцлери Фридрих Мерцти жана Италиянын өкмөт башчысы Джорджия Мелонини кабыл алды. Жыйынга мындан тышкары Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен жана НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте да катышкан.

Жолугушуу маалында Трамп Россиянын президенти Владимир Путин менен телефондо сүйлөшүп, Зеленский менен Путиндин мүмкүн болуучу жолугушуусун жана үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү маселесин да талкуулады. Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, Москва менен Вашингтондун лидерлери Россия жана Украина ортосунда түз сүйлөшүүлөрдү улантууну колдошкон. Ошондой эле бул сүйлөшүүлөрдүн деңгээлин жогорулатуу мүмкүнчүлүгү да каралганы белгиленди.

Баса, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Аляскадагы саммитте "СССР" деген свиттерге:

«Бул жерде айрым Батыштагыдай империялык ой жүгүртүүнү жандатуу же кандайдыр бир империялык амбиция тууралуу сөз жок. Бул болгону тарых, ал тарыхты сактап калуу зарыл. Аны сактоо да, белгилүү деңгээлде жеңил юмор менен кароонун да мааниси бар», — деп белгиледи Лавров.

Последние новости