www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Унаа" мамлекеттик мекемеси колдонулган жана жокко чыгарылган автоунаалардын номерлерин металл катары сатыкка койду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

Түстүү металлдардын (лом алюминий) салмагы 56,9 тоннаны түзөт. Аукцион 20-июнда өтүп, бирдиктүү пакет менен сатылат. Бөлүштүрүү мүмкүн эмес.

Аукционго катышуу үчүн табыштамалар 12-июнга чейин Бишкек шаарынын Ч. Валиханов көчөсү, 2а дарегиндеги "Унаа" мекемесинде (№5 кабинет) кабыл алынат. Иштөө убактысы саат 9:00дөн 18:00гө чейин.

Бир килограмм металлдын баштапкы баасы 100 сом деп белгиленди. Сатуудан түшкөн каражаттын баары мамлекеттик бюджетке которулат. Былтыр да ушундай аукцион өтүп 74,6 тонна алюминий 7 миллион 412,3 миң сомго сатылган.

Колдонуудан чыгарылган мамлекеттик номерлерди мыйзамсыз пайдаланууну алдын алуу максатында алар утилизацияланат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости