www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Умбеталы Кыдыралиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы маалым болду.

Жаңы президентин шайлоо 29-апрелге пландалган. Азырынча талапкерлердин ысымдары ачыктала элек. 
Эске салсак, Кыдыралиев УОКтун президенти болуп 2024-жылдын аягында шайланган. Ал бул кызматта Садыр Мамытовду алмаштырган, ал эми Мамытов өз кезегинде Шаршенбек Абдыкеримовдон кийин келген.

Кыдыралиев ошондой эле Кыргызстандын бокс федерациясынын президенти болуп саналат. Мурда “Кыргызалтын” компаниясын жетектеген, учурда Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштейт.

Айрым маалыматтарга караганда эми депутаттык мандатын дагы тапшырышы мүмкүн. Буга дейре мандатын тапшырат делген депутаттардын катарында Умбеталы Кыдыралиевдин дагы ысымы аталып келген.

Последние новости