Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти балаңызды белгилүү мектепке кабыл алуу максатында микроучасток боюнча жасалма каттоого (пропискага) жоопкерчилик бар экенин эскертет. Бул тууралуу мериядан билдиришти.
"Эскертебиз, эгер ата-эне же башка адам каалаган мектептен орун алуу үчүн каттоону сатып алса же башка жол менен жасаса, бул фактылар текшерүүгө алынат. Өткөн окуу жылында бир дарек боюнча бир нече үй-бүлөлөр балдарын белгилүү билим берүү уюмдарында каттоого алуу максатында катталган учурлар аныкталган.
Мындай аракеттер үчүн мыйзамдуу жоопкерчилик бар экенин эсиңизден чыгарбаңыз", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле, бардык мектептердеги окуу программалары бирдиктүү жана мамлекеттик стандарттарга ылайык түзүлгөн. Ошондуктан, бала кайсы мектепте окуганы негизги мааниге ээ эмес. Эң маанилүүсү – анын коопсуздугу, саламаттыгы жана ыңгайлуулугу.
Ошондуктан, мектепти тандаганда жашаган жериңизге жакын жайгашкан билим берүү уюмуна артыкчылык берүү сунушталат.