www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия ИИМинин Ульяновск облусундагы башкармалыгы ири жол кырсыктан каза болгон 16 адамдын өздүгү тууралуу маалымат берди.

Билдирүүгө ылайык, кичиавтобусту сүзгөн DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны 64 жаштагы киши, ал эми Mercedes-Benz үлгүсүндөгү маршрутканы 44 жаштагы жаран башкарып бараткан. Эки айдоочу тең мүрт экен. Көз жумган 14 кыргызстандыктын баары кичиавтобустун ичинде отурганы белгилүү болду.

Набыт болгон беш аял 31, 27, 46, 24, 42 жашта, ал эми тогуз эркек 36, 32, 46, 22, 23, 25, 23, 44, 26 жашта экени аныкталган.

Мындан сырткары, 41 жаштагы аял, 21 жана 29 жаштагы жигиттер оор абалда ооруканага жеткирилген. Алар дагы кыргызстандык жүргүнчүлөр болуп чыкты.

Эске салсак, кечээ, 21-августта, жергиликтүү убакыт менен саат 14:00 ченде Ульяновск облусунун Николаевск районунда жүк ташуучу унаа токтоп турган маршрутканын артынан сүзүп 16 адам мүрт кеткен. Анын ичинен 14ү Кыргызстандын жарандары болуп чыкты. Микроавтобус эки жүк ташуучу унаанын ортосунда жанчылып калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости