www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын түндүгүндө жана чыгышында акыркы үч күндө болгон суу ташкындары жана жер көчкүлөрдөн кеминде 50 киши набыт болду, деп билдирет Daily Sanah.

Өлкөнүн чыгышындагы Жаркханд штатында Налкари дарыясы ташкындап, беш тургун каза болуп, төртөөнүн сөөгү кийинчерээк табылган. Коңшу Одиша штатында бийликтер тынымсыз жааган жамгырдан алты адам каза болгонун каттады.

Ошондой эле Одишада кырсыктан 800 миң адам жабыркап, миңдеген тургундар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Жамгырдан улам электр жарыгы үзгүлтүккө учурап, жолдор бузулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости