www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаш кыргыз режиссёру жана оператор-коюучу Каныбек Калматов улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачыл жолу жөнүндө ири көркөм тасма тартыларын расмий жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Долбоор буга чейин кесиптик чөйрөдө чоң кызыгуу жараткан. Фильмдин өзгөчө маанилүүлүгү — Каныбек Калматов Чыңгыз Айтматовдун өмүр баянын экрандаштырууга эксклюзивдүү укук алганында. Тиешелүү келишим жазуучунун уулу — Элдар Айтматов менен түзүлгөн. Бул документ — картинага даярдыктагы маанилүү юридикалык жана моралдык кадам.
Жаңы тасма жазуучунун бала чагынан тартып дүйнөгө таанылганга чейинки өмүрүндөгү негизги баскычтарды камтыган толук метраждуу биографиялык драма болот. Тасма чыныгы окуяларга негизделип, көркөм көрүнүштөргө жана эмоцияга бай байопик жанрында тартылат.
Сюжеттин борборунда жазуучунун угуу укугу, идея үчүн, улуттук өзгөчөлүк үчүн күрөшү камтылган. Фильм Айтматовдун өмүр жана чыгармачылык жолун баяндап гана тим болбостон, кыргызстандыктардын жаңы муунун өз кыялдарына ишенип, аларды ишке ашырууга шыктандырууга багытталган.
Каныбек Калматов дүйнөдөгү алдыңкы кино институттарынын бири болгон ВГИКтин (Москва) кинематография факультетинин бүтүрүүчүсү. Ал буга чейин кыргыз киносунун тарыхында эң көп киреше алып келген "Бейиш эненин таманында" тасмасынын башкы оператору катары таанылган.
Тасманын бет ачары 2026-жылга мерчемделген.