www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Британиянын өкмөтү 16 жашка чейинки балдар үчүн социалдык тармактарды колдонууга тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоодо. Бул тууралуу британдык Daily Mail басылмасына таянып Белта жазды.
Бир нече күн мурда Улуу Британиянын Саламаттык сактоо жана Маданият министрликтеринин жетекчилери мындай чараларды киргизүү зарылдыгын белгилешкен. Алардын айтымында, учурда социалдык тармактар «басмырлоо жана коркутуу жүргөн мейкиндикке» айланып калды.
Тактап айтканда, өспүрүмдөрдүн социалдык тармактарга жеткиликтүүлүгүн чектөө боюнча Австралиянын тажрыйбасын колдонуу мүмкүнчүлүгүн Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер карап жатат. Белгилей кетсек, буга чейин ал мындай тыюуга каршы экенин билдирген.
Бирок азыр британ өкмөтү Австралиядагы кырдаалдын өнүгүшүн кылдат көзөмөлдөп жатканы айтылууда. Эгерде австралиядагы тажрыйба «натыйжалуу деп табылса», Стармер Улуу Британияда да ушундай эле тыюуну киргизүүгө макул болушу мүмкүн.
Австралия 10-декабрда дүйнөдө биринчи болуп 16 жашка чейинки балдар үчүн социалдык тармактарды колдонууга тыюу салган. Мыйзамга ылайык, ири платформалар 16 жашка чыга элек колдонуучуларды бөгөттөөгө милдеттүү. Бул талаптарды аткарбаган компанияларга 33 миллион АКШ долларына чейин айып пул салынат.