www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күн мурун Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек музыкалык драма театры имаратында 21-февраль – Эне тилдин эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиядан билдиришти.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурлан Закиров жана башка жооптуу жетекчилер катышты.
Салтанаттын жүрүшүндө мамлекеттик тилди колдоо жана анын өнүгүшүнө салым кошуп, шаар мэриясы менен тыгыз кызматташкан мекемелерге жана тармак өкүлдөрүнө атайын сыйлыктар тапшырылды.
Маданий программанын алкагында Ош шаардык жаштар театры тарабынан мамлекеттик тилди даңазалаган сахналык көрүнүш тартууланды. Ошондой эле ар улуттун өкүлдөрүнүн аткаруусундагы ырлар, бийлер жана концерттик номерлер көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулады.
Аталган иш-чара ар бир улуттун эне тилин кадырлоо, мамлекеттик тилди жайылтуу жана анын баалуулугун урматтоо максатында уюштурулду.