www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Улан Жукенов апта башында башкармалыктын кызмат жана бөлүм башчылары, ошондой эле район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен онлайн форматта жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Жыйында кызматкерлер арасындагы кызматтык тартипти сактоо, аткарылып жаткан иштерде мыйзамдуулукту камсыз кылуу маселелери өзгөчө белгиленип, бир катар эскертүүлөр айтылды.

Мындан тышкары, жетекчилерге катталган кылмыштарды кылдат текшерүү жана терең анализ жүргүзүүнү, кылмыштуулуктун алдын алуу иштерин күчөтүүнү, ошондой эле 2026-жылдын алгачкы эки айын ийгиликтүү жыйынтыктоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.

Жаз мезгилинин жакындап келе жатканына байланыштуу имараттардын айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүү, тазалоо жана иретке келтирүү боюнча да так тапшырмалар берилди.

 

Последние новости