www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы калыптанган кызматташтыкты жигердүү улантуу тууралуу сөз болуп, тараптар аталган багыттагы айрым маселелер боюнча ой бөлүштү.
Төрага Марлен Маматалиев Кыргызстан Россия мамлекети менен калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгилеп: “Эки мамлекет ортосундагы саясий диалог жана стратегиялык өнөктөштүк жогорку деңгээлде экенин баарыбызга белгилүү. Биз достукка жана өз ара ишенимге негизделген байланыштарды мындан ары да улантып, парламенттер аралык алакаларды да жигердүү өнүктүрүшүбүз кажет”, – деди.
Муну менен катар жакынкы аралыкта Россия Федерациясына расмий сапар менен барарын айткан Төрага: “Бул сапар парламенттер аралык диалогду эле эмес, мамлекеттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү үчүн өзгөчө мааниге ээ. Андыктан, жолугушууларда эки тараптуу байланыштарга тиешелүү жагдайлар талкууланып, расмий сапар жемиштүү болот деген ишеничтемин”,– деди.
Буга кошумча айрым актуалдуу маселелерге токтолгон Марлен Маматалиев кыргызстандык эмгек мигранттарына жана алардын үй бүлөлөрүнө түзүлгөн шарт жагдайды жакшыртуу жаатындагы айрым сунуштары менен бөлүштү.
Ошондой эле Кыргызстанда россиялык номур менен жүргөн унааларды мыйзамдаштыруу жаатында да биргелешип иш алып баруу зарыл экенин айткан Төрага: “Чечилбеген маселе болбойт. Өнөктөш өлкөлөр катары ар бир маселени ачык талкуулап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен бардык маселени чечишибиз керек”, – деп кошумчалады.
Ал эми Россиянын Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Вакунов Марлен Маматалиевди Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, жоопкерчиликтүү ишине ийгиликтерди каалады.
Андан тышкары, Элчи катары Төраганын алдыдагы расмий сапарын уюштурууга болгон күч-аракетин жумшап, көмөк көрсөтөрүн убада кылып, айтылган ар бир сунуш маанилүү экенин белгиледи.
Ошондой эле тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты эл аралык аянтчаларда да улантып, тармактык комитеттердин деңгээлинде да өнүктүрүү зарыл экенине токтолушту.