www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын Чалгын башкармалыгы Киевде 35 жаштагы Беларус жараны Инна Кардашты кармаганын билдирди. Аны Беларус КГБсына шпиондук кылган деп шектеп жатышат. Кардаш Украинадагы маалымат каражаттарында иштеп жүргөн. Анын артынан бир нече ай бою көзөмөл жүргүзүлүп, ар бир кадамын каттоого алынып, турганы айтылууда.

Тергөөчөлөрдүн айтымында, Кардаш 2020-жылы Украинага агенттик иш үчүн жөнөтүлгөн. Ал КГБга 2015-жылдан бери кызмат кылган. Кармалган учурда анын жанынан телефон жана диктофонун табышкан.
Видео жазууда Кардаш өзүнүн кураторуна:

 - Журналист катары жашынып жүргөн чалгынчы ролу мага көбүрөөк ылайык. Мен чындап маалымат табууга жакшы үйрөнгөнмүн, - деген үн жазуу болгон.

Ошондой эле, ал айына 3 миң евро алганын айткан.

Кардаш «112» каналы жана «Интерфакс-Украина» агенттигинде иштеп, согуш башталгандан кийин Украина чалгын кызматында иштөөгө аракет кылган. Ошондо спецслужбалар анын шектүү аракетин байкап калышкан.

Учурда ага карата тыңчылык боюнча айып коюлуп, 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо коркунучу бар.

Кийин куратору анын ЕС өлкөлөрүнүн бирине “медициналык текшерүү” деген шылтоо менен кошумча нускамага кетирген. Ал чекиттерден беларустар жана орустар тууралуу, алар Украинага каршы согушуп жаткандыгы тууралуу маалымат чогултуусу керек болчу. Ошондой эле Кытайдын Киевдеги элчилигинин кызматкерлери менен байланышты орнотуу тапшырмасы да берилген.

Последние новости