www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын сентябрынан баштап Орусиянын жогорку окуу жайларында бакалавр жана магистр системасы толугу менен токтотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын Илим жана жогорку билим берүү боюнча комитетинин биринчи орун басары Ксения Горячевага таянып, чет элдик басылмалар кабарлашты.

2026-2027-окуу жылынан баштап окуу программалары жаңы форматка өтөт:
•    Базалык жогорку билим берүү — 4 жылдан 6 жылга чейин;
•    Адистештирилген жогорку билим берүү — 1 жылдан 3 жылга чейин.

Бул жаңы моделде окуу мөөнөтү жана структура эки баскычтуу бакалавр–магистр системасынын ордуна өзгөртүлөт.

Орусия 2003-жылы Болон системасына кошулган. Натыйжада бакалавр жана магистр программалары 2011-жылдан бери негизги билим берүү форматы катары колдонулуп келген. Болон системасы 4 жылдык бакалавриат жана 2 жылдык магистратурадан турат. Азыр болсо өлкө бул эки баскычтуу моделден баш тартып, бирдиктүү, узак мөөнөттүү билим берүү системасына өтүүнү пландап жатат.

Последние новости