www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина өкмөтү Европа биримдигине кирүү үчүн керектүү расмий анкетаны толугу менен толтурду. Бул тууралуу Украина президентинин кеңсесинин башчысынын орун басары Игорь Жовква билдирди.

Орусия баскынчылыгы башталгандан бери Украинага алгач ирет 8-апрелде келген ЕБ өкүлдөрү президент Владимир Зеленскийге өлкөнүн Евробиримдикке мүчө болуу өтүнүчүн кароого тиешелүү сурамжылоо кагазын тапшырышкан. Зеленский Киев бир аптадан кийин жооп бере аларын билдирген.

“Украин тарап документти толтурду, эми Киев сунуштарды күтүп жатат жана топ ЕБ тарапка өтөт”, - деди Жовква. Аткаминер Еврокомиссия Украинанын Евробиримдикке мүчө болууга канчалык деңгээлде төп келерин аныктап, кеңешин берүүгө тийиш экенин маалымдады. Украина Европа кеңешинин июнда өтө турган жыйынында ЕБга мүчө болууга талапкер өлкө макамын алууну күтүп жатат.

Президент Владимир Зеленский Украинанын Европа Биримдигинин мүчөлүгүнө кирүү тууралуу арызына 28-февралда кол койгон.

Европарламент 1-мартта Украинанын Европа Биримдигине кирүү тууралуу арызын карап, Еврокомиссиянын институттарына аны талапкер өлкө катары сунуштоо резолюциясын кабыл алган.

Ага улай Грузия менен Молдова да Евробиримдикке кирүү жөнүндө арыз тапшырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости