www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгаруу ишинде аты аталып келаткан Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиевди өлкөдөн чыгып кетти деген маалыматты бир катар ЖМКлар жазып чыгышты.

Расмий органдар азырынча бул маалыматты ырастай элек, бирок аны төгүндөшкөн да жок. Айрым маалыматтарда Табалдиев Түркияга чыгып кетиши ыктымал экени жазылган. Учурда Батукаевдин эркиндикке чыгышы боюнча козголгон кылмыш иши боюнча жети киши камакта, төртөө өлкөдөн чыкпоо тууралуу тилкат менен бошотулган, экөө үй камагында. Табалдиев ошол учурда УКМКны жетектеп турган. Анын Батукаев боюнча кылмыштуу ишке тийешеси бар экени айтылып келет.

Булак: Багыт.kg

 

Следующий >

Последние новости