www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК ИИМдин Ош облусу боюнча Ички иликтөө кызматы менен биргеликте 150 миң сом өлчөмүндө пара талап кылып жаткан жеринен Өзгөн РИИБдин тергөөчүсүн кармады.
Өзгөн РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты К.Б.А. Кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүү үчүн, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалган адамдын жакынынан опузалап акча талап кылган.
2025-жылдын 14-сентябрында 50 000 сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда К.Б.А. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына камалды.