www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 7-апрелде, Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялар жана алардын Борбордук Азия аймагына тийгизген таасири боюнча пикир алмашышты, ошондой эле улуттук жана аймактык коопсуздукту камсыз кылуудагы кызматташууга байланыштуу эки тараптуу актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Адилет Орозбеков менен Саидикрам Ниязходжаев уланып жаткан чыр-чатактарды, алардын кеңейип жаткан географиясын эске алуу менен, азыр Борбордук Азия аймагынын бардык өлкөлөрү үчүн өз ара кызматташууну жана аракеттенүүнү күчөтүү мурдагыдан да маанилүү экенин белгилешти.

Последние новости