www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Ата санаториясынан алынган каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө "Ысык-Ата" санаториясынын айрым кызматкерлери өз кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ден соолукту чыңдоо жайынын кызыкчылыктарына каршы иш-аракеттерди жасап, белгиленген финансылык жол-жоболорду айланып өтүү аркылуу материалдык пайда алуу максатында калкка көрсөтүлгөн кызматтардан алынган каражаттарды системалуу түрдө уурдоону уюштурганы аныкталган.

Тактап айтканда, санаторийдин кызматкерлери кардарлардын акы төлөө тартиби жөнүндө билбегендигинен пайдаланып, акча каражаттарын накталай түрдө алышкан, ошол эле учурда төлөм терминалдары аркылуу регламенттелген төлөмдөр жүргүзүлгөн эмес жана эсепке алуу журналдарында бейтаптар жөнүндө белгилер көрсөтүлгөн эмес.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында "Ысык-Ата" санаториясынын кызматкерлери С.Э.С., Э.А.А., А.Г.О. жана А.у.О. күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттенишкен.

Азыркы учурда мамлекеттик дарылоо-алдын алуу мекемелериндеги коррупциялык схемаларды аныктоого жана демонтаждоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

 

Последние новости