www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндө «Ак-Сай Цемент» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан 10 га жер тилкеде мыйзамсыз менчиктештирип алуу менен цемент завод курулуп, иштеп жатканы аныкталды. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.
Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгынын маалыматына ылайык, Ош облусунун Ноокат районунун Ынтымак айыл өкмөтүнүн (азыркы маалда Кулатов а/ө) 14.11.2002-жылдагы №11/1 сандуу токтому менен «Ак-Сай Цемент» жоопкерчилиги чектелген коомуна завод куруу үчүн Беш-Бурхан айылынын аймагынан 10 га жер тилкеси ажыратылып берилген. Бирок, аталган токтомду чыгарууда КРнын Жер кодексинин (ошол учурдагы редакциясына ылайык) 11-12-13-32-беренелеринин талаптары бузулган.
УКМК «Ак-Сай Цемент» ЖЧКсынын жетекчиси ыктыярдуу түрдө цемент заводду имараттары менен бирге 10 га жер тилкени мамлекетин балансына өз ыктыяры менен өткөрүп бергенин кабарлады.