www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кыргыз почтасы" ААКсынын Лейлек райондук филиалынын мурдагы башкаруучусу жана башкы эсепчиси бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу боюнча коррупциялык схемалардын негизинде  кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КРнын УКМК мамлекеттик ишканалардагы коррупциялык кылмыштардын алдын алууга багытталган үзгүлтүксүз иш-чаралардын  алкагында, "Кыргыз почтасы" ААКсынын Лейлек райондук филиалынын мурдагы башкаруучусу П.Б.М. жана башкы эсепчиси М.Н.А. тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу жана уурдоо фактыларын аныктады.

2025-жылдын январь айынан сентябрга чейинки мезгилде П.Б.М. жана М.Н.А. жогоруда аталган кызматтарды ээлеп турган учурда, кызматтык абалынан пайдаланып, 5 213 900 (беш миллион эки жүз он үч миң тогуз жүз) сом өлчөмүндөгү акча каражатын өзүнө ыйгарып алгандыгы такталган.

Ошол эле учурда, "Кыргыз почтасы" ААКнын борбордук аппараты 9 айдын ичинде "Кыргыз почтасы" ААКнын Лейлек филиалынын банк эсебине компьютердик жабдууларды, эмеректерди, рамкаланган пластик терезелерди сатып алуу жана жаңыртуу жана башка оңдоо чыгымдары үчүн каражаттарды которуу менен бөлүп берген.

Бирок, жогоруда айтылгандардын бири да сатылып алынган же жаңыртылган эмес, анткени алынган каражаттар П.Б.М. жана М.Н.А. тарабынан менчиктештирилген. Андан тышкары, иштеп жаткан учурда, кызматкерлердин банк карталарына жогорулатылган эмгек акы которулуп, андан кийин техникалык катага шылтоолоп, ашыкча сумманы накталай акча  түрүндө кайтарып берүүнү сурашкан. 

2026-жылдын 11-мартында П.Б.М. жана М.Н.А.га карата  КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пункту (Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголуп, КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

 

 

Последние новости