www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 10-мартында Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчилигинде Элчи Анвар Анарбаевдин Малайзиянын Эл аралык Ислам Соода-өнөр жай палатасынын (MIICCI) президенти Хажи Мухамад Амин Фахми башында турган делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Өзгөчө көңүл халал индустриясын өнүктүрүү багытындагы кызматташтыкка бурулду, анын ичинде Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын жогорулатуу жана халал сертификациясын таануу маселелери каралды. Бул контекстте Кыргызстандын продукциясын Малайзия рыногуна жеткирүүнү көбөйтүүгө байланыштуу мүмкүнчүлүктөр талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты тереңдетүүгө өз ара кызыкчылыгын тастыкташты. Айрыкча, жакын арада MIICCI делегациясынын Кыргыз Республикасына боло турган сапары, келечектүү долбоорлорду талкуулоо жана практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү максатында өтө маанилүү экени белгиленди.

Последние новости