www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында жер тилкелерин берүүдө орун алган коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Кубанычбек Конгантиев күнөөлүү деп табылды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, тергөөдө К.Конгантиев Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы жер тилкелерине укук берүү боюнча комиссиянын мүчөсү болуп турган учурда кызматтык ыйгарым укуктарын жеке кызыкчылыгы жана ага байланыштуу адамдардын кызыкчылыгы үчүн пайдаланганы аныкталган.

Анын натыйжасында жакын адамдарына жер тилкелерин убактылуу пайдалануу укугун берүү боюнча чечимдердин кабыл алынышына таасир эткени белгиленген.

Тергөө учурунда К.Конгантиев күнөөсүн моюнга алып, күнөөнү таануу боюнча келишим түзгөн. Ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында «Роял Констракшн» компаниясынын курулуп жаткан объектилериндеги жалпы аянты 6500 чарчы метр болгон турак жай жана коммерциялык жайларды мамлекеттин карамагына өткөрүп берген. Алардын рыноктук баасы 15 млн АКШ долларына бааланган.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2026-жылдын 15-июлундагы чечими менен Кубанычбек Конгантиев Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча күнөөлүү деп табылып, 500 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, соттун чечими менен мурда мамлекетке өткөрүлүп берилген мүлктөр боюнча тиешелүү укуктук чаралар көрүлөрү белгиленди.

Последние новости