www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупция фактысы боюнча подряддык уюмдун директору кармалганын УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Балта шаарындагы парктарды көрктөндүрүүгө, ошондой эле суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын оңдоого бөлүнгөн 1 млрд сомдун өздөштүрүлүүсү боюнча текшерүүнүн жүрүшүндө, иш аткаруучу «Г.Т.И.» ЖЧКнын башкы директору «А.Н.А.» тарабынан, аткарылган жумуштардын жана курулуш-монтаждоо иштеринин бааларын жалпы көлөмү 27,2 млн сомго жасалма негизде жогорулаткандыгы аныкталды.

Аталган ишкананын жетекчиси «А.Н.А.»га карата КР КЖК 336-беренесинин 1-бөлүгүндө (коррупция) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, ал КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

УКМК мамлекеттик долбоорлорду ишке ашырууда мыйзамдуулукту жана ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча иштерди улантууда.

Последние новости