www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК жана ИИМ Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарында уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдарга карата профилактикалык иш-чараларды жүргүздү.
Маалыматка ылайык, аталган адамдар кылмыштуу курамдардан жана уурулук идеялардан баш тарта тургандыктарын, мыйзамдарды сактоого даяр экендиктерин видео кайрылуу аркылуу билдиришип, бул материалдар документтештирилди.
Улуттук коопсуздук кызмат уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө катышуу, ошондой эле аларды каржылоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.
УКМК жана ИИМ биргеликте Кыргыстанда уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү боюнча тынымсыз иш-чараларды жүргүзүп келет.